ПостановлениеДействует

Тогуз-Булак айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 10-июлундагы № 28 «Тогуз-Булак айыл аймагында жер салыктарын жана 1.2.3 топторго кирген мүлктөрдү объектилерге мүлк салыгын жана зоналык мааанидеги коэфиценти Кз бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.07.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 9 сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 28

Тогуз-Булак айыл аймагында жер салыктарын жана 1.2.3 топторго кирген мүлктөрдү объектилерге мүлк салыгын жана зоналык мааанидеги коэфиценти Кз бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышынын камсыз кылуу үчүн, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүшүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында Тогуз-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айыл аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап салыктын төмөндөгүдөй түрлөрү киргизилсин:

1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы; (СК негизинде)

2) Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы (СК негизинде)

- пайдаланып жаткан жерлерге Кз -1,2 коэфицент;

- пайдаланылбай жаткан жерлерге Кз -1,0 зоналык коэфицент киргизилсин;

3) Короо жай салыгы (СК негизинде);

4) Акыр-чикир чыгаруу жыйымы (СК негизинде);

- ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин, жеңилдиктер (льгота) пенсионерлерге берилсин.

5) Мүлктүн 1.2.3 топтогу объектилерине мүлк салыгы (СК негизинде);

- зоналык коэфиценти Кз -1,0 өлчөмүндө киргизилсин;

6) Мамлекеттик жана муниципалдык жерлердин, объектилердин ижара акылары;

2. Салык эсептерин коюунун тартиби:

- жер салыгы, мүлктүн 1.2.3 топтогу объектилерине мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

3. Токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актылардын реестерине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына катоого жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Бектурсуновго милдеттендирилсин.

 

Тогуз-Булак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Джумабаев