ПостановлениеДействует

Кабылан-Көл айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 18-февралындагы № 15/3 «Кабылан-Көл айыл округуна 2011-2012-жылдарда тартылган инвестициялардын кириштелиши жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.02.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин II чакырылышынын XV заседаниеси

 

2013-жылдын 18-февралы № 15/3

Кабылан-Көл айыл округуна 2011-2012-жылдарда тартылган инвестициялардын кириштелиши жөнүндө

Айыл округуна 2011-2012-жылдарда тартылган инвестициялардын максаттуу пайдаланышы жана ар бир тармак боюнча (Ари,. Агахан, Мерсико, Альянс, Красный крест ж.б.) айыл округка кабыл алынып кириштелиши боюнча Б. Садыкованын баяндамасын угуп жана талкуулап

Кабылан - Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл округуна 2011-2012-жылдарда тартылган чет элдик инвестициялардан жалпы 1027 миң сом кириштелгени белгиленсин.

2. Кабылан-Көл айыл округунун 2013-2015 - жылдарга карата тартыла турган инвестициялардын болжолдуу пландары бекитилсин.

3. Айыл округуна инвестицияларды тартуу. донорлорду издөө, мекеме жетекчилерине.айыл өкмөт кызматкерлерине, жергиликтүү Кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.

4 Тартылган инвестицияларды өз максатында пайдаланып. Айыл өкмөткө кириштеп тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы айыл округунун ФЭБ башчысына тапшырылсын.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Акаев