ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 июля 2014 года № 88 «О назначении выборов главы Он-Эки-Белского айыл окмоту Ноокатского района Ошской области»

Редакцияот 04.07.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 4-июлу № 88

Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 2-июлундагы № 139-б буйругу менен Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов К.К. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине  ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 23-июлуна саат 10-00 дайындалсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов