ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 19 ноября 2013 года № 58 «О введении моратория на предоставление земельных участков под строительство автомобильных заправочных станций»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-ноябры N 58

Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бишкек шаарынын аймагында автомобилдерге май куюу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо, транспорттук жол берүү маселелерин чечүү максатында, ошондой эле "КСДП" фракциясынын лидери А.К.Кайыповдун, "Республика" фракциясынын лидери М.К.Жеенчороевдин, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери С.С.Салиевдин, "Замандаш-Современник" фракциясынын лидери Т.Ж.Сагыновдун кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-статьясынын 15-пунктунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумушчу комиссиянын төрагасы К.К.Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга он жылдык мораторий белгиленсин.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 94 токтомунун редакциясына ылайык)

2-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн автомобилдерге май куюу станциялар демонтаждалган учурда, демонтаждалгандын ордуна Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспекти, Дооронбек Садырбаев, Лев Толстой (Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Тайшетская көчөсүнө чейин), Юлиус Фучик көчөлөрү, Жибек Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр көчөлөрү менен чектелген аймактардын чегинен сырткары башка жер участогун № 1 тиркелүүчү чиймеге ылайык берүү мүмкүн.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)

2-2. Бишкек шаарынын деталдуу пландоо долбоору иштелип чыкканга жана бекитилгенге чейин бошотулган жер участоктору пайдаланылбасын.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун бербесин жана табыштама кабыл албасын;

б) автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун максаттуу багытын өзгөртүү жүргүзбөсүн.

4. Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоого жана курууга табыштаманы иштеп чыгууга кабыл албасын жана уруксат берүүчү документтерди бербесин.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин Регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В.М.Лисниченко), муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов