ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 16 сентября 2014 года № 109 «Об утверждении протоколов об итогах голосования и результатах выборов глав исполнительных органов местного самоуправления, прошедших 22 августа, 8 сентября 2014 года»

Редакцияот 16.09.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-сентябры № 109

2014-жылдын 22-августунда, 8-сентябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 100 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.

2014-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ала-Бука районунун Көк-Таш; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан; Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 22-августунда, 8-сентябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 109 токтомунун тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ

 

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Талды-Суу

Карымшаков Иличбек Жакшыбаевич

22.08.2014-ж.

Жалал-Абад облусу

2

Жалал-Абад шаары

Авазов Салайдин Абдивалиевич

08.09.2014-ж.

Ала-Бука району

3

Көк-Таш

Умаров Жанышбек Тажимаматович

08.09.2014-ж.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз району

4

Дархан

Сатылканов Аскарбек Абылаевич

08.09.2014-ж.

Баткен облусу

Баткен району

5

Ак-Сай

Акылбеков Субанкул

08.09. 2014-ж