Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 80 «Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политических партий Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 80
Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фондунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
Шайлоо фондуларын түзүү үчүн саясий партияларга шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүмүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларынын шайлоо фондунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл банк" ААКсы эсептелсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|