ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 95 «Об утверждении Инструкции»О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"

Редакцияот 28.07.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 28-июлу № 95

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону  өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу, саясий партиялардын атайын шайлоо эсептерин ачуу жана жүргүзүү тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1–бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө, саясий партиялардын  шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”  Нускама бекитилсин (тиркелет). 

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын: 

-“Саясий партиялардын   шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускаманы бекитүү жөнүндөгү” 2010-жылдын 17-августундагы № 163 токтому; 

-“Саясий партиялардын   шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамага өзгөртүүлөрдү  жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү 2010-жылдын 23-августундагы № 272 токтому; 

-“Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамасын бекитүү жөнүндөгү 2007- жылдын 25-октябрындагы № 91 токтому. 

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси  Г.М.Баатыровага  жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов