ПостановлениеДействует

Кеңеш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 6-сентябры № 7-6 «Жер жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторун колдонууга киргизүү тууралуу» токтому

Редакцияот 06.09.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз жетинчи сессиясы

 

2013-жылдын 6-сентябры № 7-6

Жер жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторун колдонууга киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» 17.10.2008-жыл №231-мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана  Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык  айыл өкмөтүнүн башчысынын даярдаган сунушун  угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык жергиликтүү  жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2.3 топтору 2014-жылдын 01-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы ага салыкчы Сулаймановко жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.А. Ташбаев