ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 августа 2015 года № 112 «Об образовании участковых избирательных комиссий для организации выборов за пределами Кыргызской Республики»

Редакцияот 11.08.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-августу № 112

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоону уюштуруу үчүн участкалык шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунуштамасынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде 36 шайлоо участкалары түзүлсүн (тиркемеге ылайык).

2. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияларынын курамын 2015-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.

3. Бул токтом Бишкек шаардык аймактык комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов