ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского кенеша от 26-апрели 2014-года №173 «О даче согласия на введение дополнительных штатных единиц в структуру аппарата Ошского городского кенеша»

Редакцияот 26.04.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ  XVII СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

2014-жылы 26-апрели №173

Ош шаардык кеңешинин

аппаратынын түзүмүнө

кошумча штаттык бирдиктерди

киргизүүгө макулдук берүү

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесинин, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 1.5. пунктунун негизинде Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө бөлүм ачуу үчүн кошумча 1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис штаттык бирдиктерин киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын «Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 167-токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө кошумча төрт штаттык бирдик киргизүү маселесин чечип берүү жагы суралсын (1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис). 

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).  

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Ош шаардык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Примов