ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 сентября 2015 года № 132 «Об утверждении протоколов об итогах голосования и о результатах выборов главы Таш-Добонского айыл окмоту Жумгальского района Нарынской области, прошедших 28 августа 2015 года и Ак-Джарского айыл окмоту Узгенского района Ошской области, прошедших 2 сентября 2015 года»

Редакцияот 07.09.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 7-сентябры № 132

2015-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө жана 2-сентябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы № 113 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун жана 2015-жылдын 14-августундагы № 120 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 2-сентябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 28-августунда болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мойноков Алтынбек Каныбекович табылсын.

2. 2015-жылдын 2-сентябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн  башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Турдумаматов Каримжан Тургунбаевич табылсын.

3. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө жана Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов