ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 сентября 2015 года № 136 «Об аккредитации международных наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 4 октября 2015 года»

Редакцияот 07.09.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 7-сентябры № 136

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу комитетинин (КМШ АК) байкоочулар миссиясы (тиркеме 1);

- Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джонг Бёнг Ху (тиркеме 2);

- Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (тиркеме 3).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

 

Тиркеме 1

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген

 

Эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткарууну комитетинин (КМШ АК) байкоочулар миссиясынын ТИЗМЕСИ

 

№

Күб. №

Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм

ФАА

Мамлекет

Ээлеген кызматы

1

037

КМШ Миссиясы

Гаркун Владимир Гилярович

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары

2

038

КМШ Миссиясы

Козяк Евгений Винцентьевич

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Кеңешчиси

3

039

КМШ Миссиясы

Кулеба Олег Викторович

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Кеңешчиси

4

040

КМШ Миссиясы

Мальцева Раиса Михайловна

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Бөлүмүнүн начальнигинин орун басары

5

041

КМШ Миссиясы

Слобода Евгений Александрович

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Бөлүмүнүн начальниги

6

042

КМШ Миссиясы

Харченко Алла Николаевна

Беларусь Республикасы

КМШ Аткаруучу комитетинин Укук маселелери боюнча серепчи

 

 

Тиркеме 2

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланган өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ

 

№

Күб. №

Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм

ФАА

Мамлекет

Ээлеген кызматы

1

043

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Джонг Бёнг Ху

Корея Республикасы

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы АПЭ

 

 

Тиркеме 3

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген

Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланган өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ

 

№

Күб. №

Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм

ФАА

Мамлекет

Ээлеген кызматы

1

044

Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Вайгаускас Зенонас

Литва Республикасы

Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы

2

045

Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Данишкевичус Реда

Литва Республикасы

Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча бөлүмүнүн башчысы