ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского кенеша от 28 мая 2014 года №177 «О председателях постоянных депутатских комиссий, осуществляющих деятельность на оплачиваемой основе»

Редакцияот 28.05.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVIII СЕССИЯСЫ

 (III чакырылыш)

2014-жылы 28-майы №177

Ишмердүүлүгүн  акы төлөнүүчү

негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу

депутаттык комиссиялардын

төрагалары  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна ылайык,  сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.  Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалары ишмердүүлүгүн  акы төлөнүүчү негизде алып барышсын.

2. Токтом  мыйзамда каралган  тартипте  катталсын (М.Сапаралиев) жана  массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  аппарат жетекчиси  С.Маматалиевага жүктөлсүн.

4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Ош шаардык

Кенешинин төрагасы:

 

У.Примов