РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 10 января 2009 года № 3-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 13 июня 2008 года № 281-р)

Редакцияот 10.01.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 10-январы № 3-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйрукка тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 10-январындагы

№ 3-б буйругуна

тиркеме

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-июнундагы

№ 281-б буйругуна

тиркеме

 

Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик

укуктук базасына оптималдаштыруу жүргүзүү

боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссарынын орунбасары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орунбасары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюна комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

Бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).".

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр                                                                                                                                 М.Исмаилов