ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 января 2016 года № 6 «Об отмене отдельных пунктов постановления Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 16 декабря 2015 года № 198»

Редакцияот 11.01.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-январы № 6

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 198 токтомунун айрым пункттарын жокко чыгаруу жөнүндө

Ж.А.Саматовдун ишеним каты боюнча өкүлү А.С.Мощиндин арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 198 токтомунун 2, 3, 5-пункттары жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төраганын ыйгарым

укуктарын аткаруучу

 

А. Шайымкулова