РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 9 февраля 2009 года № 46-p (О проведении единовременной акции по адресному предоставлению бесплатной подписки на 2009 год ветеранам Великой Отечественной войны - гражданам Кыргызской Республики)

Редакцияот 09.02.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 9-февралы № 46-б

Кыргыз Республикасынын жарандары - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 2009-жылга "Ар бир ардагерге - бирден басылма" принциби боюнча бир ирет акысыз даректүү жазылуу өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 2009-жылдын мартынан декабрь айына чейин "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" же "Эркин Тоо" гезитине (ардагердин каалоосу боюнча - бир басылмадан) акысыз жазылуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен керектүү акча каражаттарын таап жана бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана майыптарын 2009-жылдын мартынан декабрь айына чейин "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин Тоо" гезиттерине акысыз жазылтууну жана аталган басылмаларды ардагерлерге өз убактысында жеткирүүнү уюштурууга байланыштуу маселелерди чечишсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматына жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов