ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 августа 2015 года № 116 «Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 4 октября 2015 г.»

Редакцияот 11.08.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-августу № 116

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерди карап чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө катышууга акредитациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 84 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу жана аккредитациялоосу жөнүндө" жобонун 3-пунктунун 3.5-пунктчасынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккердитациялоодон баш тартылсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов