РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 9 сентября 2010 года № 72-р (Об утверждении Плана мероприятий по реализации решений Межведомственной комиссии по проектированию и строительству терминалов (перевалочных баз) в районах контрольно-пропускных пунктов «Торугарт» и «Иркештам»)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 9-сентябры № 72-р

Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана ата мекендик автоташуучуларды колдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 117-А тескемеси менен түзүлгөн «Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр-жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2010-жылдын 9-сентябрындагы

№ 72-р буйругу менен

бекитилген

 

«Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо

жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын

планы

 

№

Иш-чара

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1

2

3

4

1

Иш жүзүндөгү октук жүктөмдөрдү жана автотранспорт каражатынын жалпы иш

жүзүндөгү массасын өлчөө, ошондой эле мезгилдүү жана оперативдүү таразалык контролдоону жүргүзүү максатында төмөнкүлөр сатып алынсын, орнотулсун жана ишке киргизилсин:

- «Торугарт» жана лЭркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын бажылык контролдоо зоналарындагы таразалык контролдоо пункттарында тараза жабдуулары;

- таразалык контролдоонун жылдырып жүрүүчү пункттары.

Төмөнкүдөй маселелер иштелип чыксын:

- республикада таразалык контролдоо пункттарынын (ТКП) иштөөсү жана аларды автоматташтыруу жөнүндө;

- ТКПнын ишин контролдоого коомдун катышуусу жөнүндө

2 ай

ТКМ, Бажы кызматы

2

Максималдуу октук массасы 10 тоннадан (бир октук үчүн) ашкан автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташуучу транспорттук каражаттардын максималдык массасына чектөө киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө

1 ай

ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы

3

Ушул Пландын 2-пункту боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын биргелешкен 2007-жылдын 3-майындагы № 108 жана 2007-жылдын 3-майындагы № 5-4/121 лБажы органдары менен автотранспорттук каражаттардын салмагын жана көлөмүн контролдоо пункттарынын ортосундагы иштерди координациялоо жөнүндө» буйругун колдонуу маселесин кароо

1 ай

ТКМ, Бажы кызматы

4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 137-б буйругуна ылайык лНарын» ЭЭА аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин финансылык катышуусун экономикалык талдоо

3 ай

Финмин, ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы, Нарын мамоблад-

министрациясы  

5

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте

уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуу

1 ай

ТКМ, Мамкурулуш, Мамкаттоо,

Токойагенттиги, Нарын жана Ош

мамобладминистрациялары

 

6

Бишкек шаарында жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу

1 ай

Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

7

Кытай Эл Республикасы менен паритеттүү жүк ташууларды аткаруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда автомобилдердин кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик кыймылы жөнүндө маалыматтарды ай сайын салыштырып текшерүү

 

1 ай

ТКМ, Кыргызстан ташуучулар

ассоциациясы (макулдашуу

боюнча), КУ »Айдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)

8

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучуларга карата коррупциялык аракеттердин алдын алуу боюнча сунуштарды биргелешип киргизүү

1 ай

ИИМ, Бажы кызматы, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ лАйдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)

9

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча

жүк ташууну жүргүзүү үчүн ата мекендик жүк ташуучуларды тартуу менен мамлекеттик автомобилдик транспорттук-экспедициялык компанияны түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу

3 ай

ТКМ, Бажы кызматы, ЭЖСМ