ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 27 января 2017 года № 21 «Об отмене решения Аламудунской территориальной избирательной комиссии от 21 января 2017 года № 4»

Редакцияот 27.01.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-январы № 21

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечиминин Сманалиев Алтынбек Эсенкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу бөлүгү, көрсөтүлгөн чечим мыйзамдардын бузулушу менен кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Сманалиев Алтынбек Эсенкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттасын.

3. Бул токтом Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова