ПостановлениеДействует

Постановдение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 30 января 2017 года № 26 «Об утверждении протоколов об итогах голосования и результатах выборов мэра города Бишкек, прошедших 11 января 2017 года»

Редакцияот 30.01.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 30-январы № 26

2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 30-декабрындагы № 280 токтому менен дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп Ибраимов Албек Сабирбекович табылсын.

2. Бишкек шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова