РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 28 июля 2011 года № 316-р (О закупке товаров, работ и услуг, необходимых для подготовки и проведения выборов Президента Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 28-июлу № 316-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын билдирмесине ылайык республикалык бюджеттен өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат жана отчет берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү маалымат берсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын, бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев