ПостановлениеДействует

Постанвление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 21 февраля 2017 года № 50 «О назначении повторных выборов главы Александровского айыл окмоту Московского района Чуйской области»

Редакцияот 21.02.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-февралы № 50

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугунан өткөн жок.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча кайра шайлоо 2017-жылдын 28-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова