РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 9 октября 2012 года № 487-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2011 года № 326-р)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 9-октябры № 487-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-р буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;";

2-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам издөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;";

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбору жөнүндө жободо:

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"УКБнын курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.".

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев