РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 2 июня 2012 года № 251-р (Об утверждении делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 02.06.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 2-июну № 251

2012-жылдын 25-26-майында Анкара шаарында (Түркия Республикасы) өтүүчү кредиттик пакетти бөлүп берүү маселелери боюнча Түркия Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Оторбаев Жоомарт Кайыпович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Байгөнчөков Мирлан Конушбекович(*) - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн.

3. Командировкалык чыгымдарды тындыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 139800 (жүз отуз тогуз миң сегиз жүз) сом бөлүнсүн.

Эскертүү:

(*) - командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төлөнөт.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов