РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 18 июля 2013 года № 295-р (Об утверждении кыргызской части Комиссии)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 18-июлу № 295-б

Бишкек шаарында 2013-жылдын 18-19-июлунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги алтынчы отурумунун ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри - Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Асанов Сапарбек Жекшебаевич

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Адамкулова Самаргүл Эркиновна

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Куйкеев Эрик Асанович

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Кулуев Кожогелди Калакунович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Маралбаев Акылбек Өскөнбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу;

Исабаева Зина Беккелдиевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Ахмеджанова Айнура Токтомуратовна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Шалпыков Бактыбек Абдыкаимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Жусупбеков Бакытбек Асанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси;

Оролбаева Ирина Абдыевна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;

Адрешева Сонун Амановна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башчысы;

Ботоев Нургазы Атамбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун улуттук эталондор башкармалыгынын начальниги;

Камалов Марс Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин үчүнчү катчысы;

Исаков Каныбек

-

Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Такиров Урмат Канатбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын адиси;

Качкынбай кызы Жылдыз

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын жетектөөчү адиси - Комиссиянын жооптуу катчысы.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, республиканын ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.

 

Биринчи

вице-премьер-министр,

Премьер-министрдин

милдети аткаруучу

 

 

 

Ж.К. Оторбаев