РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 6 ноября 2013 года № 442-р (Об образовании Наблюдательного комитета по обеспечению контроля за реализацией проекта «Развитие финансового сектора»)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 6-ноябры № 442-б

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 231-б буйругунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-июлунда кол коюлган "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууда (ЭӨАнын кредити № 50670-KG, ЭӨАнын гранты № H7600-KG) каралган жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. "Финансы секторун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну контролдоону камсыздоо боюнча Байкоочу комитет (мындан ары - Байкоочу комитет) түзүлсүн.

2. Кызмат орундары боюнча түзүлгөн Байкоочу комитеттин курамы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

3. Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-июлунда кол коюлган "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу (ЭӨАнын кредити № 50670-KG, ЭӨАнын гранты № H7600-KG) күчүнө кирген күндөн баштап Байкоочу комитет бир айлык мөөнөттө иш регламентин бекитсин.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 442-б буйругуна тиркеме

"Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну контролдоону камсыздоо боюнча Байкоочу комитеттин КУРАМЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 231-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Байкоочу комитеттин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Байкоочу комитеттин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо кеңсесинин директору;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары.