РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 7 февраля 2009 года № 53 (О направлении кыргызской делегации для участия в очередном заседании Совместной комиссии по демаркации государственной границы между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2009-жылдын 7-февралы № 53

«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) 2009-жылдын 16-21-февралында кыргыз делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 1-февралындагы № 53 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча

Биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында 2009-жылдын 16-21-февралында болуучу заседаниесине катышуу үчүн

баруучу кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

 

Аламанов С.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

 

Абдрахманов А.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;

 

Асаналиев Э.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

 

Дисковский В.Л.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

 

Жолчиев М.С.

- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;

 

Касымов Ч.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;

 

Катанаев А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

 

Мандычев Н.И.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

 

Миңбаев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;

 

Цурков В.Е.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

 

Чернявский В.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча партиясынын начальниги.