РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 28 февраля 2011 года № 148 (Об утверждении делегации Кыргызской Республики для участия в рабочей поездке в Грузию по вопросам изучения и обмена опытом в правоохранительной сфере с 1 по 5 марта 2011 года)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 28-февралы № 148

2011-жылдын 1-5-мартында укук коргоо чөйрөсүндө иликтөө жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча Грузияга Кыргыз Республикасынын делегациясынын иш сапарына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын делегациясы:

 

Атаханов Шамиль

Есенжанович

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, делегациянын башчысы;

Бекенов Марат Эсенбекович

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;

 

Салянова Аида Жеңишбековна

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);

 

Алымбеков Бактыбек Маданбекович

 - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

 

Сулайманкулов Нурлан Арзыматович

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды аткарууну жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Байзаков Шейшенбек Калилбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

 

Алиева Гүлсара

Мединовна

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин илимий-изилдөө борборунун начальниги.

 

2. Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү 2011-жылдын 1-5-мартында Грузияга командировкага жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2011-жылдын 10-мартына чейин жасалган иштер жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине берсин.

4. Командировкага байланыштуу чыгымдар ОБСЕнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн эсебинен төлөнсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев