РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 15 февраля 2013 года № 58 (Об утверждении делегации Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 15-февралы № 58

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 18-19-февралында болуучу "Кыргызгаз" ААКынын акцияларын сатуу шарттарын талкуулоо боюнча "Газпром" ачык акционердик коому менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Оторбаев Жоомарт Каипович(*)

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович(**)

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Кутманов Нурболот Осмонович(**)

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Осмоналиев Айбек Шермамбетович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

Турусбеков Бакыт Сагындыкович (**)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

Саякбаев Данияр Асылбекович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин юристи;

Кулмурзаев Тургунбек Насипович(**)

-

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Орленко Евгений Васильевич(**)

-

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).

2. Иш сапарга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Эскертүү:

(*) - 2013-жылдын 18-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет;

(**) - 2013-жылдын 18-19-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев