РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 13 мая 2013 года № 192 (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 13-майы № 192

ФАТФтын (FATF) жумушчу тобунун 2013-жылдын 16-17-майында Париж шаарында (Франция) өтүүчү Эл аралык кызматташууну баяндоо (ICRG) боюнча Европа-Евразия региондук баяндоо тобунун (ERRG) жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, делегациянын башчысы;

Бокоев Кенжебек Сатымкулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Чокоев Заир Ленарович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кененбаев Чынгыз Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы;

Исаков Эрмек Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин үчүнчү катчысы;

Турсункулов Кайрат Эркинович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси;

Абышев Кылычбек Асаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев