РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 24 июня 2013 года № 282 (О проведении встречи рабочих групп Кыргызско-Узбекской межправительственной комиссии по делимитации и демаркации государственной границы между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистан)

Редакцияот 24.06.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 24-июну № 282

2013-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегациясынын Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча бекитилген иш-чаралардын план-графигине ылайык:

1. Ош шаарында 2013-жылдын 24-27-июнунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусу өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуу үчүн ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда Кыргыз Республикасынын делегациясы Ош шаарына жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- аталган жолугушууну жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууда Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобуна көмөк көрсөтсүн;

- делегация мүчөлөрүн талаа изилдөөсүнө чыгуу үчүн транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.

4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

Тиркеме

 

Ош шаарында 2013-жылдын 24-27-июнунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ

 

Касмалиев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;

Баймырзаев М.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Усаров М.И.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Юсупов Б.Ю.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Исабеков Н.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

Камбаралиев Б.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери;

Ботобаев К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Апышев Э.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Сыргабаев Б.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтун жетекчиси;

Токтосунов Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Ош облустук филиалынын директору;

Жакыпов Б.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Бөрүбаев Н.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Мырзаев А.А.

-

Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Шерматов А.Б.

-

Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Маматов А.Т.

-

Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мурзахмедов Ш.М.

-

Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Раимбердиев К.А.

-

Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.