РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 8 июля 2013 года № 325 (О направлении делегации Кыргызской Республики для участия в рабочей встрече, которая состоится 9-11 июля 2013 года в г.Худжанд Согдийской области Республики Таджикистан)

Редакцияот 08.07.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 8-июлу № 325

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары М.М.Алимардон менен 2013-жылдын 9-11-июлунда Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Худжанд шаарында боло турган жумушчу жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:

Мамытов Токтокүчүк Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Искандаров Курбанбай Алибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Исмаилов Адылбек Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Асанов Курсан Сатарович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Ибраев Келдибек

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Разаков Жеңиш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Усубалиев Таалайбек Кадыркулович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Сыдыков Данияр Батырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгүндөгү Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Кыдырмышев Тимур Жыргалбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев