РаспоряжениеСтатус не указан

Распоряжение Премьер-министра КР от 15 июля 2013 года № 345 (Об утверждении членов коллегии Государственной регистрационной службы при Правительстве Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 15-июлу № 345

(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 27-январындагы № 42-б, 2015-жылдын 25-августундагы № 392, 2016-жылдын 1-августундагы № 435, 2017-жылдын 21-августундагы № 576, 2018-жылдын 30-январындагы № 58, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 575, 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 634 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:

1. Төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилишсин:

Аттокуров Элдар Эртабылдыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Абдралиева Гулмира Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Смагулов Алибек Бейшенбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы;

Таалайбек кызы Елиза

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;

Эржигитов Мелис Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Апасова Жазгүл Сейитбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 26-июлундагы № 373 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 403 буйругу.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев