РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 14 марта 2014 года № 121 (О направлении в город Джалал-Абад для участия во встрече рабочих групп кыргызско-узбекской межправительственной комиссии по делимитации и демаркации государственной границы между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистан)

Редакцияот 14.03.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 14-марты № 121

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун өткөрүү максатында:

1.  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-езбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында 2014-жылдын 17-20-мартында өткөрүлсүн.

2.  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу Жалал-Абад шаарына тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

-    аталган жолугушууну жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясына көмөк көрсөтсүн;

-    Өкмөттүк делегация мүчөлөрүн унаа жана башка каражаттар менен камсыздасын.

4.  Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14 - мартындагы №121 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы

 

Искандаров К.А.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

 

Касмалиев А.К.

-    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;

 

Сыргабаев Б.Э.

-    өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;

 

Исабеков Н.Д.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

 

Эгамбердиева Ж.Ш.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

 

Усаров М.И.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперта;

 

Ботобаев К.Б.

-    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

 

Мурзаев A.M.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктан алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

 

Абдырахманов А.К.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

 

Борубаев Н.Н.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

 

Кыдырмышев Т.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси.