РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Премьер-министра КР от 17 апреля 2012 года № 401 (Об утверждении членов коллегии Министерства социального развития Кыргызской Республики)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 15-июлундагы № 347 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 17-апрели № 401

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:

Исакова Мавлюда Шадымановна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн социалдык өнүктүрүү жана эмгек мамилелери секторунун эксперти;

Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин талдоо жана топтоо бөлүмүнүн башчысы;

Укулов Курманбек Маматкадырович

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси;

Куйкеев Эрик Асанович

-

Бишкек шаарын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Осмонов Кыдыкбек Сыдыкбекович

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 10-августундагы № 388 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 26-июлундагы № 374 буйругу.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов