РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 14 августа 2012 года № 596 (О направлении правительственной делегации Кыргызской Республики для участия в очередном заседании Кыргызско-Узбекской межправительственной комиссии по делимитации и демаркации государственной границы между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистан)

Редакцияот 14.08.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 14-августу № 596

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна ылайык:

1. Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) 2012-жылдын 15-20-августунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы тартылган адамдарды кошкондо ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы  Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча  Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 15-20-августунда  Наманган шаарындагы (Өзбекстан Республикасы) кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ

 

Искандаров К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк делегациянын жетекчиси;

Маматалиев А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кутманов Н.О.

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Баймырзаев М.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Абдураимов Б.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Байдулетов Н.С.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;

Эгембердиева Д.Ш.

-

Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;

Касмалиев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Исабеков Н.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

Калматов А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Миңбаев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;

Ботобаев К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Санников В.П.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Боронбеков З.Б.

-

Аксы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мырзаев А.А.

-

Ала-Бука райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Шерматов А.Б.

-

Ноокен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Маматов А.Т.

-

Сузак райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Үсөнов А.П.

-

Кара-Суу райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.