РаспоряжениеДействует

Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства-министра КР от 6 октября 2009 года № 145 (О выдаче доверенности Кудайбергенову Б.Т.)

Редакцияот 06.10.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2009-жылдын 6-октябры № 145

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту "Норд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-январындагы № 47 "Асман-Визит" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу тууралуу берген доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармасынын башкы адиси Кудайбергенов Бакытбек Төрөбаевичке аталган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

Жетекчиси-министр

 

 

Н.Айтмурзаев