РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 28 апреля 2014 года № 137-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2012 года № 237-р)

Редакцияот 28.04.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 28-апрели № 137-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 241-б буйругу.

 

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин КУРАМЫ

 

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;

Текебаев Омурбек Чиркешович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-мекен" фракциясынын лидери, Координациялык кеңештин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);

Момуналиев Нурханбек Сакенович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;

Касиев Накен Касиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Нышанов Сайдулла Канболотович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бекматов Абдыжапар Гапырович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Лаврова Ольга Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Сариев Темир Аргембаевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Осмоналиев Акылбек Шарипович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Шаикова Алина Кавылбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Мамбетов Турдубек

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Султанов Талант Исакович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Шамшиев Чынгыз Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);

Акматов Женишбек Аманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Мукамбетов Мурат Картайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Мусабеков Алмазбек Обосбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Эргешов Алтынбек Калдарович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Шадыбеков Куванычбек Баймуратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Бакиров Жетиген Жокинович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Исаев Канатбек Кедейканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кулматов Кубанычбек Кенешович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич

-

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Дооронбеков Алмаз Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Балтагулов Жалал Торогельдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);

Чекиров Асылбек Асанбекович

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).