РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 23 июня 2011 года № 246-р (О назначении с кыргызской стороны членов Наблюдательного совета Центрально-Азиатского института прикладных исследований Земли)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 868-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 23-июну № 246-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 "Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) мүчөлүгүнө кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

2.Кыргыз тараптан Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн эксперт консультанты (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (макулдашуу боюнча).

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругу.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев