РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 23 июня 2014 года № 234-р (О награждении Почетной грамотой Правительства Кыргызской Республики)

Редакцияот 23.06.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 23-июну № 234-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өтөгөн эмгегин баалоо иретинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин күнүн жана Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Керимов Памирбек Насыранбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Филиппова Ольга Ивановна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти;

Эсенгелдиев Амангул

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун эксперти;

Иманалиева Тамара Куланбековна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын начальниги.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев