РаспоряжениеДействует

Распоряжение Руководителя Аппарата Президента КР от 24 марта 2014 года № 64 (Об утверждении Устава общественного фонда «Фонд развития духовной культуры»Ыйман")

Редакцияот 24.03.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

БУЙРУК

2014-жылдын 24-марты № 64

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 22-январындагы № 11 буйругун ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун уставы 1-тиркемеге ылайык;

2) "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун байкоо кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун мамлекеттик каттоонун жана иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:

 

Д.И.Нарымбаев

 

2-тиркеме

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун байкоо кеңешинин КУРАМЫ

Исаков Сапар Жумакадырович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, төрага;

Карыбаева Мира Аскеровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Молдалиев Орозбек Абдысаламович

-

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

Нарматов Абдышүкүр

-

Кыргызстандын ислам университетинин ректору (макулдашуу боюнча).