РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 17 июля 2014 года № 269-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 17 мая 2013 года № 187-р)

Редакцияот 17.07.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 17-июлу № 269-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, ошондой эле Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун узак мөөнөттүү демилгелерин пландуу жылдыруу максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Уезбаев У.К.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Турганбаев Т.С.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары;

Аскар уулу Мирлан

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын начальниги;

Налобина Е.В.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги;

Ларионов Д.В.

 

Евразия регионундагы Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

- жумушчу топтун курамынан Ибраев К.И., Асакеев Э.И, Рунов И.Б., Бекболотов Р.А. чыгарылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Жумушчу топ Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун демилгелерин ишке ашыруу боюнча ишти аяктаганга чейин улантсын.".

 

Премьер-министри

 

Дж.К. Оторбаев