РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 3 сентября 2014 года № 375-р (Об утверждении кыргызской части Межправительственной кыргызско-азербайджанской комиссии)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 3-сентябры № 375-б

Азербайжан Республикасынын Баку шаарында 2014-жылдын 9 - 10-сентябрында өтө турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын кезектеги экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

 

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2014-жылдын 8-11-сентябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарына жиберилсин.

3. Комиссиянын жыйынына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2014-жылдын 3 сентябрындагы

№ 375-б буйругуна тиркеме

 

 

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкметтөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы

 

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

 

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Буранов Айджигит Баймухамедович

-

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;

Воронов Кубатбек Айылчиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Абдылдаев Шералы Итибаеви

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору;

Сыдыкова Гульмира Ракыевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Абдиев Бактыбек Абышевич

 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги;

Ермек Жанат Ермекович

 

-

Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Тургунбаева Асель Абдыракмановна

 

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын тышкы байланыштар жана протокол бөдүмүнүн башчысы -Комиссиянын жооптуу катчысы.