РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 3 сентября 2013 года № 429 (О проведении встречи рабочих групп правительственных делегаций Кыргызской Республики и Республики Узбекистан по вопросам делимитации и демаркации кыргызско-узбекской государственной границы)

Редакцияот 03.09.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 3-сентябры № 429

2013-жылдын 4-8-сентябрында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2013-жылдын 31-июлундагы № 05120801 нотасына ылайык:

1.    Делегация төмөнкү курамда Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарына жиберилсин:

 

Искандаров К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, өкмөттүк делегациянын жетекчиси;

Касмалиев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Баймырзаев М.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Эгамбердиева Ж.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Реcпубликасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Юсупов Б.Ю.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Исабеков Н.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

Ботобаев К.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Камбаралиев Б.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;

Адышев Э.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Кыдырмышев Т.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча топтун атташеси;

Бөрүбаев Н.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Мырзаев А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Мырзаев А.А.

-

Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Райымбердиев К.А.

-

Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Шерматов А.Б.

-

Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Маматов А.Т.

-

Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Үсөнов А.П.

-

Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мурзахмедов Ш.М.

-

Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.

 

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Ж.Ж.Сатыбалдиев