Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 206-р (Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Глобальным институтом зеленого роста относительно правового статуса, привилегий и иммунитетов Глобального института зеленого роста (GGGI))
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-апрели № 206-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашуу
Ушул Макулдашуу Глобалдуу жашыл өсүш институту (GGGI) менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда эки тараптуу негизде түзүлөт, анда GGGI өз ишин уюмдун талаптагыдай иштешине жана GGGI ишинин натыйжалуу жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүү максатында жүзөгө ашырат.
Глобалдык жашыл өсүш институту ("GGGI") 2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейродо Глобалдык жашыл өсүш институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Уюштуруу жөнүндө макулдашуу) ылайык эл аралык уюм катары түзүлгөн;
Уюштуруу жөнүндө макулдашуу 2012-жылдын 18-октябрында күчүнө кирген;
АЛ ЭМИ GGGI негизги максаты - өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жана рыногу калыптанып келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде начар өнүккөн өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
Кыргыз Республикасы 2019-жылдын 9-декабрында Уюштуруу жөнүндө макулдашууга кошулганын жана GGGI мүчө өлкө болуп саналарын ЭСКЕ АЛЫП;
Уюштуруу жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ЫЛАЙЫК GGGI мүчө өлкөлөрдө артыкчылыктарды жана иммунитеттерди ала алат, алар эл аралык уюмдардын ушундай типтерине адатта бериле турган мындай артыкчылыктарды жана иммунитеттерди талаптагыдай эске алуу менен GGGI талаптагыдай иштеши үчүн зарыл жана ылайыктуу болушу мүмкүн жана мындай артыкчылыктар жана иммунитеттер GGGI менен айрым мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн өзүнчө макулдашууларда көрсөтүлүшү мүмкүн;
Кыргыз Республикасы жана GGGI Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өзүнүн, анын ичинде өзүнүн жетекчи органдарына, өзүнүн персоналына жана эксперттерине, ошондой эле уюм менен байланышкан башка адамдарга карата функцияларын натыйжалуу жана талаптагыдай жүзөгө ашыруу үчүн GGGI укуктук статуска, артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болушун камсыз кылууну каалаганын КӨҢҮЛГӨ АЛЫП;
МУНУ МЕНЕН ушул Макулдашуунун Тараптары төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашууда колдонууда төмөнкү терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
"Макулдашуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен GGGI ортосундагы ушул Макулдашууну билдирет;
"Консультациялык комитет" GGGI Консультациялык комитетин билдирет;
"тийиштүү органдар" бул контекстке ылайыктуу болушу мүмкүн болгон жана Кыргыз Республикасында колдонулган мыйзамдарга жана практикаларга ылайык Кыргыз Республикасындагы ушундай органдарды билдирет;
"GGGI архивдери" GGGI бардык архивдерин билдирет жана GGGI таандык болгон же GGGI же анын атынан сакталган бардык жазууларды, кат алышууларды, документтерди, кол жазмаларды, кыймылдуу сүрөттөрдү, фильмдерди, үн жазмаларды жана башка материалдарды камтыйт;
"Ассамблея" GGGI Ассамблеясын билдирет;
"Кеңеш" GGGI Кеңешин билдирет;
"багуудагы балдар" GGGI персоналынын никеси жок жана 18 жашка чыга элек балдарын билдирет;
ата-энесинин багуусунда болгон жана Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окуп жаткан 18 жаштан улуу балдар үчүн аккредитациялык карточка өз ара принципте 1 жылдык мөөнөткө жыл сайын узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилиши мүмкүн;
"башкы директор" Ассамблея тарабынан дайындалган GGGI башкы директорун билдирет;
"эксперт" жеке жак менен GGGI ортосундагы же уюм менен GGGI ортосундагы келишимдик мамилелердин алкагында GGGI кыска мөөнөттүү кызматтарды көрсөткөн кандай болбосун жеке жакты билдирет;
"GGGI өкүлү" GGGI тарабынан жетекчинин кызмат ордуна дайындалган жана Өкүлчүлүктүн иши үчүн жооптуу болгон улук кызмат адамын билдирет;
"Министрлер Кабинети" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин билдирет;
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын билдирет жана Кыргыз Республикасы тарабынан чыгарылган уставдарды, жарлыктарды, токтомдорду, эрежелерди, жоболорду, тескемелерди жана башка документтерди чектөөсүз камтыйт;
"GGGI тарабынан чакырылган жыйналыштар" GGGI жыйналыштарын, анын ичинде GGGI тарабынан чакырылган ар кандай эл аралык конференцияларды же башка жыйналыштарды, ошондой эле мындай жыйналыштардын ар кандай комиссияларын, комитеттерин же чакан топторун билдирет;
"үй персоналынын мүчөлөрү" Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, GGGI персоналынын үй персоналында иштеген адамдарды билдирет;
"Өкүлчүлүк" ушул Макулдашуунун 11-беренесинде кеңири баяндалгандай GGGI Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүн билдирет;
"GGGI кызмат адамдары" GGGI башкы директорун, өкүлүн, ошондой эле GGGI толук же жарым-жартылай убакыт иштөөгө дайындалган же чакырылган бардык адамдарды билдирет, бирок эксперттерди камтыбайт;
"GGGI персоналы" Ассамблеянын, Кеңештин жана Консультациялык комитеттин бардык мүчөлөрүн, GGGI кызмат адамдарын (экспатрианттарды да, Кыргыз Республикасынын жарандарын же туруктуу жашоочуларын да) жана эксперттерди, бирок жеринде саатына акы төлөө менен жалданбаган адамдарды билдирет;
"GGGI менчиги" GGGI кайда болбосун бардык мүлкүн жана активдерин билдирет жана GGGI таандык же анын карамагында же башкаруусунда болгон каражаттарды, кирешелерди жана укуктарды камтыйт; жана
"жубайы" эгерде мамилелери расмий түрдө катталган болсо, анда GGGI кызматкеринин күйөөсү/аялы дегенди билдирет.
2-берене. Укук субъекттүүлүк жана аракетке жөндөмдүүлүк
(1) Министрлер Кабинети GGGI эл аралык укук субъекттүүлүгү бар эл аралык уюм экенин тааныйт.
(2) GGGI (i) келишимдерди түзүүгө, (ii) колдонуу максатында кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга жана тескөөгө жана (iii) доо арыздарын берүүгө укук субъекттүүлүк жана укук жөндөмдүүлүк берилет.
(3) GGGI эл аралык уюмга мүнөздүү болгон көз карандысыздыкка жана иш-аракеттердин эркиндигине ээ.
3-берене. Мүлкү, фонддору жана активдери
(1) GGGI жана анын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мүлкү жана активдери, белгилүү бир иште ал өзүнүн иммунитетинен ачык баш тарткан учурларды кошпогондо, сот процессинин ар кандай түрүнө иммунитеттен пайдаланат. Бирок иммунитеттен баш тартуу, эгерде башкасы ачык көрсөтүлбөсө, мажбурлап аткаруунун бардык чараларына жайылтылбайт дегенди билдирет.
(2) GGGI Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлкү жана активдери аткаруу, сот же мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан тинтилүүгө, реквизицияланууга, конфискацияланууга, экспроприацияланууга же кийлигишүүнүн кандай болбосун башка түрүнө жатпайт.
(3) GGGI архиви кайда болбосун, кол тийбес болуп саналат.
(4) GGGI кандай болбосун каражаттарга же валюталарга ээ боло алат; эсептерди кандай болбосун валютада жүргүзө алат; ээлигинде болгон кандай болбосун валютаны бир өлкөдөн экинчи өлкөгө эркин которо алат жана ээлигинде болгон кандай болбосун валютаны башка валютага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин которо алат.
4-берене. Салык салуудан жана бажы алымдарынан бошотуу
(1) GGGI, анын активдери, кирешелери жана башка мүлкү:
(a) конкреттүү көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө болуп эсептелгенди кошпогондо, салыктардан бошотулат;
(b) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринде каралган учурларды кошпогондо, расмий түрдө колдонуу үчүн GGGI тарабынан импорттолуучу же экспорттолуучу буюмдарга, ошондой эле GGGI тарабынан импорттолуучу же экспорттолуучу анын бардык басылмаларына карата импорттоого жана экспорттоого тыюу салуулардан жана чектөөлөрдөн бошотулат; бирок мындай бошотуунун алкагында импорттолуучу буюмдар Министрлер Кабинети менен макулдашылган шарттардан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында сатылбай тургандыгын билдирет;
(c) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык макулдашуулар эскертиши мүмкүн болгон шарттарды сактоо менен расмий пайдалануу үчүн GGGI тарабынан импорттолуучу товарларды алып кирүүгө, уюм тарабынан импорттолуучу анын кандай болбосун басылмаларын алып кирүүгө бажы алымдарынан бошотулат.
(2) Министрлер Кабинети менен жетишилген макулдашууларга ылайык GGGI уюмдун расмий иши үчүн зарыл болгон кандай болбосун товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө төлөнгөн кошумча нарк салыгын кайтарып берүү түрүндөгү жеңилдиктерди алат, ошол эле учурда мындай жеңилдиктер макулдашууларга ылайык Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон шарттарды сактоо менен шартталышы керек.
5-берене. Коммуникациялар
(1) Кыргыз Республикасы GGGI расмий билдирүүлөрүнө электрондук почтага, жердеги почтага, кабелдерге, телеграммаларга, телекстерге, радиограммаларга, телефакска, телефонго жана башка байланыш каражаттарына артыкчылыктар, тарифтер жана үстөктөр, ошондой эле басма сөз жана радио үчүн маалыматтарга тарифтер маселелеринде Министрлер Кабинети кайсы болбосун башка эл аралык уюмга же өкмөткө, анын ичинде өлкөдө жайгашкан кандай болбосун дипломатиялык өкүлчүлүктөргө бергенден кем эмес жагымдуу режимди берет.
(2) Кыргыз Республикасынын аймагына, Кыргыз Республикасынын аймагынан жана ал аркылуу жөнөтүлүүчү бардык билдирүүлөр, алар кандай гана болбосун каражаттар аркылуу жана кандай гана болбосун түрдө берилсе да, цензурадан жана кандай болбосун кармап калуу түрүнөн же алардын жеке мүнөзүнө кийлигишүүдөн корголууга тийиш. Бул Министрлер Кабинети менен GGGI ортосундагы консультациялардан кийин аныктала турган тиешелүү коопсуздук чаралардын көрүлүшүн жокко чыгарбайт.
(3) GGGI Кыргыз Республикасында коддорду пайдаланууга жана дипломатиялык курьерлерге жана баштыктарга берилгенден кем эмес жагымдуу иммунитетке жана артыкчылыкка ээ болгон курьер же мөөр басылган баштык аркылуу каттарды жана башка билдирүүлөрдү жөнөтүүгө, алууга укуктуу. Баштыктарда GGGI көрүнүп турган эмблемалары болушу керек жана расмий колдонууга багытталган документтер же буюмдар гана болушу керек, ал эми курьерде GGGI тарабынан берилген курьердик күбөлүк болушу керек.
6-берене. Жыйналыштардын, митингдердин жана конференциялардын эркиндиги
(1) Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча GGGI Кыргыз Республикасында жолугушууларды чакырууга укуктуу.
(2) GGGI жана анын персоналы Кыргыз Республикасынын аймагында жыйналыштардын, талкуулардын жана чечимдерди кабыл алуунун толук эркиндигин пайдаланууга тийиш.
7-берене. Желек, эмблема жана белгилер
GGGI өзүнүн жайларына жана транспорт каражаттарына өзүнүн желегин жана/же башка таануу белгилерин илүүгө укуктуу.
8-берене. GGGI мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жана GGGI Ассамблеясынын, Кеңешинин жана Консультациялык комитетинин курамына кирген башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери
(1) GGGI мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Ассамблеянын, Кеңештин жана Консультациялык комитеттин курамына кирген башка адамдар өзүнүн функцияларын аткарууда жана Ассамблея тарабынан чакырылган жыйналыштар өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү учурунда төмөнкү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдаланышат:
(a) жеке камакка алууга же кармоого иммунитет жана айтылган же жазылган сөздөргө жана алардын расмий катары жасалган бардык аракеттерге карата сот-процесстик иммунитет (бул сот-процесстик иммунитет жогоруда аталган адамдарга алар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулган учурда же аларга таандык же алар башкарган автомобиль тарабынан зыян келтирилген учурда жайылтылбайт);
(b) дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын 36-беренесинин 2-пунктуна ылайык алардын жеке жүгүнө карата ушул сыяктуу бошотуулар жана артыкчылыктар;
(c) жубайлары жана багуусундагы балдары менен бирге иммиграциялык чектөөлөргө жана чет өлкөлүктөрдү каттоо талаптарына иммунитет;
(d) убактылуу расмий иш сапарларда жүргөн чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө берилүүчү валюта жана акча алмашуу чектөөлөрүнө карата ушундай эле жеңилдиктер; жана
(e) эгерде Ассамблеянын, Кеңештин жана Консультациялык комитеттин курамына кирген адамдар GGGI жыйналыштарына катышуу үчүн барууга тийиш болсо, анда виза алууга GGGI тарабынан берилген бардык өтүнмөлөр Кыргыз Республикасы тарабынан мүмкүн болушунча тезирээк каралууга тийиш.
(2) GGGI мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнө жана Ассамблеянын, Кеңештин жана Консультациялык комитеттин курамына кирген башка адамдарга GGGI жыйналыштарында өзүнүн милдеттерин аткарууда толук сөз эркиндигин жана толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында өзүнүн расмий милдеттерин аткарууда жасалган бардык аракеттерге жана айтылган же жазылган сөздөргө карата сот процессине иммунитет, тиешелүү адамдар мындан ары мындай милдеттерди аткаруу менен алектенбегендигине карабастан бериле берет.
(3) 8(1)-(2)-беренесинин жоболору Кыргыз Республикасынын жарандарынын өкүлдөрүнө карата колдонулбайт.
(4) GGGI ушул берененин жоболору колдонула турган кызмат адамдарынын ысымдарын Министрлер Кабинетине дайыма маалымдап турат.
9-берене. GGGI кызмат адамдарынын артыкчылыктары жана иммунитеттери
(1) GGGI кызмат адамдары:
(a) жеке камакка алууга же кармоого жана айтылган же жазылган сөздөргө жана алардын расмий сапатында алар тарабынан жасалган бардык аракеттерге карата ар кандай түрдөгү сот процессине иммунитетке ээ болууга тийиш, бул иммунитет алар GGGI кызмат адамы болбой калгандан кийин да колдонулат (сот процессинен бул иммунитет жогоруда аталган адамдарга алар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулган учурда же аларга таандык же алар башкарган автомобиль тарабынан зыян келтирилген учурда жайылтылбайт);
(b) аккредитациядан өткөн учурда аларга GGGI тарабынан төлөнүүчү эмгек акыга, желөкпулдарга жана сый акыларга карата салык салуунун бардык түрлөрүнөн бошотулууга тийиш. Бирок бул жобо Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жайылтылбайт жана алардын жеке жоопкерчилиги болуп саналат. Ушуну менен бирге, GGGI салык салуунун ченемдерине тийиштүү жактар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
(с) жубайлары жана багуусундагы балдары менен бирге иммиграциялык чектөөлөрдөн жана чет өлкөлүктөрдү каттоодон бошотулушу керек;
(b) алмашуу каражаттарына карата дипломатиялык миссиялардын бирдей рангдагы кызмат адамдарына берилүүчү ошол эле артыкчылыктарды пайдалануу;
(e) жубайлары жана алардын багуусундагы балдары менен бирге эл аралык кризистер убагында репатриациялоо үчүн дипломатиялык миссиялардын салыштырылуучу рангдагы кызматкерлерине берилгендей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
(f) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүктө расмий кызмат ордуна биринчи жолу киришүүдө өзүнүн эмеректерин, үй мүлкүн жана буюмдарын алымдарсыз алып келүү укугуна ээ болууга; жана
(g) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүктө расмий кызмат ордуна киришүүдө Министрлер Кабинети эскертиши мүмкүн болгон шарттарды сактаган учурда GGGI өкүлүнө жана кызматкерине жеке пайдалануу үчүн бир транспорт каражатын алымдарсыз алып келүү укугуна ээ болууга.
(2) 9(1)-беренеде көрсөтүлгөн иммунитеттерге жана артыкчылыктарга кошумча катары, GGGI башкы директоруна, башкы директорунун орун басарларына, башкы директорунун жардамчыларына жана GGGI өкүлүнө жана алардын жубайларына жана багуудагы балдарына карата эл аралык укукка ылайык дипломатиялык кичи-элчилерге берилүүчү артыкчылыктар жана иммунитеттер, алып салуулар жана жеңилдиктер берилет.
(3) Сот адилеттигин талаптагыдай жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жана ушул беренеде белгиленген артыкчылыктарга, иммунитеттерге жана жеңилдиктерге байланыштуу ар кандай кыянаттык кылуулардын келип чыгышын болтурбоо үчүн GGGI Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен кызматташат.
(4) Ушул беренеде камтылган артыкчылыктар жана иммунитеттер Кыргыз Республикасынан башка мүчө өлкө, уюм же башка субъект тарабынан GGGI жалданган жана иш сапарга жөнөтүлгөн адамдарга да жайылтылат.
(5) GGGI, анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн шартта аларга Кыргыз Республикасында социалдык камсыздоо эрежелери жайылтылбайт. Бирок бул эреже Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарына тиешелүү эмес. Мында бардык эсептерди төлөө үчүн жоопкерчилик кызматкерлердин өзүнө жүктөлөт. GGGI камсыздандырылууга тийиш болгон адамдар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
10-берене. Эксперттердин артыкчылыктары жана иммунитеттери
(1) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган GGGI эксперттерине алардын функцияларын, анын ичинде алардын кызматына байланыштуу баруулар учурунда натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон төмөнкү артыкчылыктар жана иммунитеттер берилет:
(a) жеке камакка алууга же кармоого иммунитет жана өзүнүн расмий функцияларын аткарууда алар тарабынан айтылган же жазылган сөздөргө же жасаган аракеттерине карата сот процессине иммунитет, ошол эле учурда мындай иммунитет тиешелүү адамдар мындан ары GGGI менен келишимдик мамиледе болбогондугуна карабастан сакталат (сот процессине бул иммунитет жогоруда аталган адамдарга алар тарабынан жол кыймылы жаатында укук бузуулар жасалган учурда же аларга таандык болгон же алар башкарган унаа тарабынан зыян келтирилген учурда жайылтылбайт);
(b) алмашуу чектөөлөрүнө карата убактылуу расмий иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк өкмөттөрдүн өкүлдөрүнө берилгендей эле жеңилдиктер; жана
(c) жубайлары жана багуусундагы балдары менен бирге иммиграциялык чектөөлөргө жана чет өлкөлүктөрдү каттоого иммунитет.
11-берене. Өкүлчүлүктүн имараттары
(1) Министрлер Кабинетинин макулдугу менен GGGI Кыргыз Республикасында Өкүлчүлүгүн (Өкүлчүлүк) ача алат.
(2) Өкүлчүлүк ага дайындала турган GGGI кызмат адамдары жана эксперттер менен комплекттелүүгө тийиш.
(3) Эгерде ушул Макулдашууда башкача каралбаса, Өкүлчүлүктө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат, ал эми Кыргыз Республикасынын соттору Өкүлчүлүктө жасалган аракеттерге карата юрисдикцияга ээ болот.
(4) Өкүлчүлүктүн имараттары кол тийгис жана GGGI контролунда жана бийлиги астында болот. Кыргыз Республикасынын бир дагы бийлик органы Өкүлчүлүктүн имараттарына кандайдыр бир милдеттерди аткаруу үчүн GGGI макулдугусуз жана ал менен макулдашылган шарттарды аткарбастан кирүүгө тийиш эмес. GGGI жана Министрлер Кабинети кандай жагдайларда жана кандайча Кыргыз Республикасынын бийлиги өрткө каршы, санитардык эрежелерге же өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Өкүлчүлүктүн имараттарына GGGI алдын ала макулдугусуз кире аларын макулдашат.
(5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү уруксат берүүчү документтер болгон учурда GGGI Кыргыз Республикасынын ичинде да, анын чегинен тышкары да Өкүлчүлүк менен байланышты жеңилдетүү үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон "чекит-чекит" телекоммуникациялык каражаттарын жана байланыштын жана маалыматтарды берүүнүн башка каражаттарын Кыргыз Республикасында орнотууга жана пайдаланууга укуктуу.
(6) Өзүнүн ишин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу жана өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн GGGI Өкүлчүлүктүн имараттарында колдонулуучу эрежелерди жана жоболорду белгилөөгө укуктуу.
(7) GGGI расмий максаттарда Өкүлчүлүктүн имаратында чогулуштарды чакырууга укуктуу.
(8) Өкүлчүлүктүн имараттары GGGI максаттарына жана функцияларына шайкеш келген ыкмалар менен колдонулушу керек. GGGI Өкүлчүлүктүн имаратын сот адилеттигинен жашырынган адамдар, же экстрадициялоого тийиш болгон адамдар, же соттук куугунтуктоодон же соттук териштирүүдөн качкан адамдар үчүн баш калкалоо жайына айлантууга жол бербейт.
(9) Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары Өкүлчүлүктүн имараттарына уруксатсыз кирүүгө аракет кылган же Өкүлчүлүктүн имараттарына жакын жерде башаламандыктарды уюштурган кандай болбосун адам тарабынан Өкүлчүлүктүн имаратындагы тынчтыкты бузбоону камсыз кылуу үчүн тийиштүү сактыкты көрсөтүшү керек.
(10) GGGIнин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары Өкүлчүлүктүн имараттарында укук тартибин сактоо жана укук бузуучуларды ал жерден чыгаруу үчүн милиция кызматкерлеринин жетиштүү санын камсыз кылат.
12-берене. Транзит жана жашоо
(1) Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасына кирүүнү, андан чыгууну жана Кыргыз Республикасында эркин жүрүүнү жеңилдетүү үчүн, ал эми Өкүлчүлүккө иш сапарга жөнөтүлгөн адамдарга карата Кыргыз Республикасында кандайдыр бир чектөөлөрсүз жана жарандыгына карабастан төмөнкү адамдардын жашоосун жеңилдетүү үчүн зарыл чараларды көрөт:
(a) GGGIге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Ассамблеянын, Кеңештин жана Консультациялык комитеттин курамына кирген башка адамдар, өз функцияларын аткарууда жана GGGI тарабынан чакырылган жыйналыштар өтүүчү жерге баруу жана келүү учурунда;
(b) GGGI кызмат адамдары;
(c) эксперттер;
(d) GGGI кызмат адамдарынын жана эксперттеринин жубайы жана багуусундагы балдары, ошондой эле үй персоналынын өкүлдөрү, Өкүлчүлүккө иш сапарга жөнөтүлгөн эксперттер; жана
(e) GGGI тарабынан расмий иштер боюнча чакырылган башка адамдар. GGGI мындай адамдардын аты-жөнүн Министрлер Кабинетине билдирет.
(2) Ушул беренеде көрсөтүлгөн адамдарга визаларды тариздөө GGGIнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн расмий кайрылуусу боюнча жыйымдар алынбастан жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу кайрылган учурда милдеттүү түрдө катышуусуз жүргүзүлөт.
13-берене. Артыкчылыктардан жана иммунитеттерден баш тартуу
(1) Ушул Макулдашуу менен адамдарга берилүүчү артыкчылыктар жана иммунитеттер адамдардын жеке пайдасы үчүн эмес, GGGIнин кызыкчылыгы үчүн берилет. Мындай артыкчылыктарды жана иммунитеттерди колдонгон бардык адамдар башка калган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Бийликтин төмөнкү органдары алардын пикири боюнча иммунитет сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоол болгон жана GGGIнин кызыкчылыктарына зыян келтирбестен жокко чыгарылышы мүмкүн болгон конкреттүү учурда төмөнкү адамдардын иммунитеттеринен баш тартууга укуктуу жана милдеттүү:
(a) GGGI мүчөлөрү Ассамблеядагы жана Кеңештеги өзүнүн өкүлдөрүнө карата;
(b) Ассамблеялар GGGI Башкы директоруна карата;
(c) Кеңеш Кеңештин же Консультативдик комитеттин мүчөлөрү катары иштеген эксперттерге же мамлекеттик эмес субъекттерге карата; жана
(d) GGGI башкы директору GGGI кызмат адамдарына (өзүнөн башка), эксперттерге жана GGGI өзүнө карата.
(2) Бардык учурларда баш тартуу жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.
14-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу
(1) Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык пикир келишпестиктер консультациялар, сүйлөшүүлөр же жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмасы аркылуу чечилет.
(2) Эгерде пикир келишпестиктер Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү өтүнүчүнөн кийин үч айдын ичинде 14 (1)-беренеге ылайык жөнгө салынбаса, анда Тараптардын кимиси болбосун ушул берененин 3-5-бөлүгүндө баяндалган жол-жобого ылайык пикир келишпестиктерди арбитраждык соттун чечүүсүнө берүүнү талап кыла алат.
(3) Арбитраждык сот үч арбитрден турат: ар бир тарап бирден шайлайт, ал эми соттун төрагасы болгон үчүнчүсү калган эки арбитр тарабынан шайланат. Эгерде Тарап өзүнүн арбитрин башка тарап өзүнүн арбитрин дайындагандан кийин үч айдын ичинде шайлабаса, анда экинчи арбитр Эл аралык соттун төрагасы тарабынан дайындалат. Эгерде алгачкы эки арбитр үчүнчү арбитр жөнүндө арбитр дайындалган акыркы датадан кийин үч айдын ичинде макулдаша албаса, анда үчүнчү арбитр кайсы болбосун Тараптын өтүнүчү боюнча Эл аралык соттун төрагасы тарабынан дайындалат.
(4) Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, арбитраждык сот өзүнүн жеке жол-жобосун аныктайт, ал эми чыгымдарды соттун баалоосу боюнча тараптар тартат. Арбитраждык териштирүүдө колдонулган тил катары англис тили саналат.
(5) Көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алуучу Арбитраждык сот пикир келишпестиктер боюнча чечимди ушул Макулдашуунун жоболорунун жана эл аралык укуктун колдонулуучу ченемдеринин негизинде чечим кабыл алат. Арбитраждык соттун чечими пикир келишпеген Тараптар үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат.
15-берене. Жалпы жоболор
(1) Ушул Макулдашуунун жоболору Министрлер Кабинети менен GGGI ортосунда кандай болбосун өзүнчө макулдашууда макулдашылган же андан ары макулдашылышы мүмкүн болгон артыкчылыктарды, иммунитеттерди, бошотууларды же GGGIге ар түрдүү колдоо же көмөк көрсөтүүнү чектөөчү же кемсинтүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш.
(2) Ушул Макулдашуу Уюмдаштыруу келишиминин кандайдыр бир жоболорун же GGGI ээ болушу, алышы же өзүнө алышы мүмкүн болгон кандайдыр бир укуктарды же милдеттенмелерди жокко чыгаруучу же кемитүүчү катары чечмеленбеши керек.
(3) Министрлер Кабинети жана GGGI ушул Макулдашуунун алкагында зарыл болушу мүмкүн болгон кошумча макулдашууларды түзө алат.
(4) Бул Макулдашууга Тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
16-берене. Корутунду жоболор
(1) Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун GGGI алган күндөн тартып күчүнө кирет.
(2) Бул Макулдашууну үч (3) ай мурда алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарлоо аркылуу кайсы Тарап болбосун токтото алат. Эгерде Макулдашууну кайсы Тарап болбосун бузса, бузуу процесстеги кандайдыр бир мурунку милдеттенмеге, долбоорго же ишке таасирин тийгизбеши үчүн чаралар көрүлүшү керек.
МУНУ КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ МАКСАТЫНДА Министрлер Кабинети жана Глобалдык жашыл өсүш институту өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу ушул Макулдашууга кыргыз, орус жана англис тилдериндеги бирдей эки түп нускада кол коюшту, мында бардык тексттер тең бирдей болуп саналат. Кандай болбосун айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги версиясы артыкчылык күчкө ээ болот.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ҮЧҮН ЖАНА АНЫН ТАПШЫРМАСЫ БОЮНЧА _________________________________________________ АМАНГЕЛЬДИЕВ ДАНИЯР ДЖОЛДОШЕВИЧ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРИ _________________________________________________ Датасы
ГЛОБАЛДЫК ЖАШЫЛ ӨСҮШ ИНСТИТУТУ ҮЧҮН ЖАНА АНЫН ТАПШЫРМАСЫ БОЮНЧА _________________________________________________ ФРАНК РИЙСБЕРМАН БАШКЫ ДИРЕКТОР _________________________________________________