РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 21 октября 2014 года № 467-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики для участия в Полномочной конференции Международного союза электросвязи 2014 года)

Редакцияот 21.10.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 21-октябры № 467-б

2014-жылдын 20-октябры - 7-ноябрында Корея Республикасынын Пусан шаарында өтө турган Электр байланышынын эл аралык союзунун 2014-жылдагы Ыйгарым укуктуу конференциясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Делегациянын башчысына Электр байланышынын эл аралык союзунун 2014-жылдагы Ыйгарым укуктуу конференциясынын документтерине Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

Электр байланышынын эл аралык союзунун

2014-жылдагы Ынгарым укуктуу

конференцнисына катышуу үчүн Кыргыз

Республикасынын делегациясынын курамы

 

Мамырканов Эрнис Турсункадырович(*)

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, дслегациянын башчысы;

Бекташов Чынгыз Акматович(**)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик байланыш агенттигинин директору, делегациянын башчысынын биринчи орун басары;

Нурматов Байыш Нурматович(***)

- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекетгик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору, делегациянын башчысынып орун басары (макулдашуу боюнча);

Джылышбаев Максат Нурбекович(****)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин электрмагниттик айкалышуусун талдоо бөлүмүнүн башчысы.

(*) - 2014-жылдын 17-28-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каражаттарынын эсебинен командировкага жнберилет;

(**) - 2014-жылдын 17-28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик байланыш агенттигинин каражаттарынын -эсебинен командировкага жиберилет;

(***) - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;

(****) - 2014-жылдын 17-октябры - 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттнгинин каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.