РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 552-р (О внесении изменений в распоряжения Правительства КР от 1 августа 2014 года № 297-р)

Редакцияот 05.12.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 5-декабры № 552-б

Ош шаарынын 2014/2015-жылдын жылытуу мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- Ош шаарынын мэриясына 31,97 млн сом өлчөмүндө акысыз

негизде берилүүчү каражаттар, анын ичинен 29 бала бакча жана жаратылыш газынын башка керектөөчүлөрү үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга - 12,37 млн сом жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык 26 үй-бүлөлүк жатаканадагы жылытуу тутумдарын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө -19,6 млн сом;".

2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү;

- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев