РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 11 марта 2015 года № 88-р (О составе кыргызской части Межправительственной кыргызско-туркменской комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и гуманитарному сотрудничеству)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 11-марты № 88-б

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2015-жылдын 14-мартында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-туркмөн өкмөттер аралык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2015-жылдын 13-15-мартында Түркмөнстандын Ашхабад шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилоо жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы

 

Маматалиев Абдырахман Мадакимович

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Бешимов Аскар Жолчубекович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Рустенбеков Джаныш Султанкулович

- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Бектеналиев Мукталы Абдыбекович

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Уезбаев Улан Калмурзаевич

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Айдарбеков Айбек Акматбекович

- Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Толубаев Таалай Матмусаевич

- "Электр станциялар" ачык акиионердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Артыкбаев Мухтар Зулпуевич

- "Кыргыз петролеум компани" жабык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Бородин Алексей Викторович

- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Кадырбаева Светлана Асангазиевна

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы.