Распоряжение Президента КР от 5 марта 2015 года РП № 41 (О внесении и изменения в состав распоряжения Президента Кыргызской Республики от 25 сентября 2012 года № 142 )
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 5-марты ПБ № 41
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Салянова А.Ж., Шыкмаматов А.Н. чыгарылсын;
- Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Арабаев Манас Матаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы болуп киргизилсин;
- Д.И.Нарымбаевдин кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;";
- И.Ы.Жолдубаеванын кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |