РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 22 апреля 2015 года № 175-р (О составе кыргызской части Межправительственной кыргызско-белорусской комиссии по торгово-экономическому сотрудничеству)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 22-апрели № 175-б

Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2015-жылдын 28-апрелинде болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын (мындан ары -Комиссия) бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2015-жылдын 27-30-апрелинде Беларусь Республикасынын Минск шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы

 

Айдаралиев Таалайбек Алимбекович

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри, комиссиянын төрагасы;

Султанов Талант Кушчубаевич

- Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасьшдагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлү;

Темиралиев Таалайбек Асанбекович

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Асизов Касен Асизович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Есеналиев Максат Кульчороевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;

Турсункулов Канат Асанканович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин секретариатынын жетекчиси;

Айдарбеков Айбек Акматбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Мусурманкулов Жаныш Жусупович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси;

Абдырасулова Гулзат Аскарбековна

- "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору;

Тезекбаева Айнура Сарылбековна

- "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Черных Анатолий Серафимович

- "Кыргызавтомаш" акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кадырбаева Светлана Асангазиевна

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы.